Акыркы макалалар

Ош аэропорту тумандан улам убактылуу ишин токтотту

Ош аэропорту тумандан улам убактылуу ишин токтотту

Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам Москвадан келген учактар Бишкек шаарына конду.

Ош аэропорту тумандан улам ишин токтотту. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аэропорт бүгүн таңкы саат төрттөн баштап иштебей жатат.

"Тумандан улам Москвадан келген үч рейс Бишкекке конду. Бүгүн учактар кармалышы мүмкүн. Андыктан кардарлар 03222 901-01 телефон номери аркылуу тактап алышса болот", — деп жазылат маалыматта. Белгилей кетсек, 10 күн мурун да ушундай жагдай жаралган.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...