Акыркы макалалар

Шашылыш билдирүү: республиканын аймагында катуу кар жаашы күтүлөт

2016-жылдын 22-декабрдан 24-декабрга чейин мезгил-мезгили менен кар жаашы, 23-24-декабрда айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

2016-жылдын 23-декабрдан 25-декабрга чейин абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9° суукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суукка чейин, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -13…-18° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...