Акыркы макалалар

Маданият министрлиги балдар адабияты жаатында сынак жарыялайт

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кыргыз тилин мындан ары өнүктүрүү, мектепке чейинки курактан баштап аны үйрөнүү үчүн шарттарды түзүү максатында балдар адабияты жаатында ачык сынак жарыялайт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, кыргыз тилинде балдар адабияты жаатында сынак (мектепке чейинки, башталгыч, орто жана өспүрүм курактагы балдар үчүн чыгармалар) төмөнкү наамдар боюнча жүргүзүлөт:

- Балдар үчүн эң мыкты поэтикалык чыгарма;

- Балдар үчүн эң мыкты прозалык чыгарма;

- Кыргыз тилине балдар чыгармаларынан мыкты котормо.

Чыгарма 5 нускадан кем эмес, басмадан чыгарылган, сунуштама каты жана типографиялык шрифтик ордунун мөөрү менен көрсөтүлүшү керек.

Материалдар 2017-жылы 4-январдан 1-апрелге чейин саат 09:00 – 17:00 го чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу маалымат жана массалык коммуникация департаментинин 1-кабатында кабыл алынат. Байланыш телефондор: 66-03-32, 66-39-15.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...