Акыркы макалалар

Малчы фермерлер їчїн кеўеш

Малчы фермерлер їчїн кеўеш

Тєрт тїлїк малдын кайсы тїрї болбосун, єз учурунда шартка жараша кєзємєлгє муктаж. Мал чарбачылыгынан алынуучу азык – заттардын сапаттуу болушу, малдын соолугуна, ага эў негизгиси тоюттун сапатту болушуна, ветеринардык кєзємєлдєрдїн жїргїзїлїп турулуусуна байланыштуу. Биз сиздерге кепшєєчї жаныбарлардын карынынын кєбїшїнїн (тимпания) жана малдын кызыл єўгєчїнє азыктын тыгылданып калышынан арылтуу жєнїндє азыноолок сєз кылууну туура таптык.

Тоюттандыруу шарттарынын бузулушу, уулуу жана зыяндуу єсїмдїктєрдї жеп алышы - малдын ичини кєбїшїнє алып келет. Малдын ашказан органдарынын тїзїлїшїнїн єзгєчєлїгїнє байланыштуу аларда кекирїї пайда болот. Кандайдыр бир себептер менен бул єзгєчєлїк токтоп калса, анда ашказанда тоют чогула берет да, малды ыўгайсыз абалга алып келет, малдын дем алуусу оор болуп калат. Ушул учурда мал кароосуз калса, мертинип калышы мїмкїн.

Малдын ичинин кєбїїсїнїн

белгилери:

- ичинин сол тарабынын кєєп чыгышы;

- карын тарабын такылдатканда барабан сыяктуу добуштун чыгышы;

- дем алуусунун оорлошу;

- оозунан шилекейининин агышы, бирок малдын єздїк температурасы кєтєрїлбєйт.

Дарылоо ыкмалары

Терапиялык:

- малга тамак – аш майын, єсїмдїк майын же самын кєбїртїлгєн суу берїї керек, чоў малга 1 – 2 литр, кичине малга 1/4 – 1/2 литрден оўолуп кетмейинче берилип турат;

- ич єткєрїїнї (диарея) пайда кылуучу магний сульфаты берилет, чоў малга 200 – 300 грамм, кичине малга 25 – 30 грамм жетиштїї болот. Магний сульфатын жылуу сууга эритип, аралаштырып, аны зонд аркылуу карынга куюу же оозу аркылуу берїї керек;

- ошондой эле Тимпанол сыяктуу атайын дарыны колдонсо болот.

Тез (оперативдїї):

Эгерде мал анча кыйналбай турса, желди чыгарыш їчїн зондду карынга кийирїї керек. Зонд карынга кирээр замат жел чыгышы керек. Эгер жел чыкпай калса, анда акырын зондду тереўирээк киргизип, андан соў кайра калыбына келтирип, же болбосо зондду жел сыртка чыга баштаганга чейин тегеретиш керек.

Малдын карыны аябай кєєп чыкса, ал жатып калат да, бир нече мїнєттєн кийин єлїп калышы мїмкїн. Мындайда малдын карынына зонд киргизїїгє убакыт калбай калат. Жел тезирээк чыгышы їчїн малдын сол капталын тешип жиберїї керек. Бул їчїн троакар аспабы керек болот. Муну мал адиси жасаганы абзел.

Мал бош жїргєндє жеген нерсесин дайым эле кєзємєлдєп туруу мїмкїн эмес. Ал эми колдон жем берїїдє, кээде кошулуп берилген алманы, коон дарбыздын кабыктарын, кызылчаны (болсо), жїгєрїнїн мардегин жана башка майдалап берїїгє тийиш болгон азыктарды берїїдє этият болуу керек. Эгер жогоруда айтылгандардан мал бїтїн жутуп алса, кызыл єўгєчїнє тыгылып калышы мїмкїн. Малдын кызыл єўгєчїнїн тыгылданып калышынын белгилери:

- малдын тумшугунан єтє кєп шилекей агат;

- мал жєтєлїп – жєткїрєт;

- малдын алы кетет;

- малдын жумуру кєєп чыгат.

Мындай учурда малдын оозуна 100 грамм єсїмдїк майын куюп жиберїї керек. Тыгылган жерди кол менен малдын ашказанын кєздєй же ооз кєўдєйїнє карай укалоо керек. Эгер колдо болсо, ашказан зонду менен тїртїї зарыл.

Биз сиздерге кийинки санда малдардын денесинде суунун азаюусу жана уулануусунун белгилери жана ага карата кєрїлїїчї иш-чаралар жєнїндє сєз кылабыз.

Агробизнести камсыздоо жана

єнїктїрїї боюнча Кыргыз проектисинин-агрономия жана мал чарбачылыгы

редакция газеты "Айыл Деми"

АЮЛ "Альянс горных общин Центральной Азии" (АГОЦА)

г.Бишкек 720031, пер.Уфимский, 3 (пер.Горького/Ж.Пудовкина)

тел. 312 542346 (до.113), 555 500 609 (пр.)

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...