Акыркы макалалар

Кыргызстанда музейлер өздөрүнүн ишин өнүктүрүү үчүн демөөрчүлөрдү издейт

Кыргызстанда 17 музей демөөрчүлөр жана инвесторлор тарабынан аларды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду көрсөтүшүүдө. Мындан мурда эл аралык уюмдардын колдоосу менен музей кызматкерлери долбоорду жазуу боюнча 4 айлык окуудан өтүшкөн.

Демөөрчү катары иш-чарага түрдүү уюмдардын, банкттардын ж.б. өкүлдөрү келишти.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни белгилегендей, КРда туризмди өнүктүрүү маанилүү багыттардын бири болуп саналат.

Өз кезегинде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо башкармалыгынын башчысы Ринат Бакеев Кыргызстанда 60 тан ашык музей бар экенин, алардын 8и этнографиялык, 7си тарыхый музей экенин билдирди. “Азыркы учурда музейлер музей иштерин өнүктүрүү боюнча чоң иштерди жүргүзүшүүдө. Өткөн жылы жана үстүбүздөгү жылы музей кызматкерлери үчүн республикалык семинар өткөрдүк десек болот. Атап айтканда, биз аларды экспонаттарды кантип сактоо, келгендерге кантип көрсөтүү керектигин окуттук. Ошондой эле, кызматкерлерди тажрыйба алмашуу үчүн Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарына жөнөтүп турдук”,-деди ал.

Мындан тышкары, Р.Бакеев өлкөнүн музейлериндеги көйгөйлөргө дагы токтолду.

“Учурда музейлер материалдык-техникалык базаны жаңылатуу үчүн каржылоону талап кылат. Жогоруда айтылган программада кызматкерлер музей иштери жана инвестиция тартуу боюнча тажрыйба алышты. Бизде Нарын, Ысык-Көл облустарында же Сулайман-Тоодо эң сонун музейлер бар. Алардын бары жакшы, бирок заманбап тенденцияны көбүрөөк жайылтуу керек”,-деп кошумчалады Р.Бакеев.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...