Акыркы макалалар

Жапонияда «Азия азыгы» жарманкеси өткөрүлдү

Жапонияда «Азия азыгы» жарманкеси өткөрүлдү

«Asia Food Show 2016», — деп аталган Азия азыктары боюнча жарманке Жапониянын Токио жана Осака шаарында болуп ал иш-чарага күн чыгыш өлкөсүнүн жана Азия мамлекеттеринин 100 дөн ашык компаниялары катышышты. Жарманкеге 40 миңден ашуун коноктор келип, бизнес сунуштар, бизнес келишимдер боюнча сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

“Азия азыгы “ жарманкеси Осака шаарында да өттү

18-октябрдан 20-октябрга чейин «Азия азыктары» жарманкесине кыргызстандык 4 компания да Экономика министрлигинин тышкы сооданы колдоо боюнча бирдиктүү терезе борборунун жана ПРООНдун колдоосу менен катышууга мүмкүнчүлүк алды. «Азия азыктары» жарманкесине катышуу үчүн сынак жарыяланып, ал ПРООН, JICA жапон эл аралык агентигинин кароосунда өткөзүлдү. Анда “Алыш-Дан”, “Капчыгай тоо балы”, “Вега+” ЖчК, “Нарын уюк” коомдук бирикме бал өндүрүү компаниясы, “Золотой орех” ЖчКсы жарманкеге катышууга мүмкүнчүлүк алган.

“Азия азыктары” жарманкесине катышуу үчүн 135.000 иенден 280.000 иенге чейин аянт акысы талап кылынат. Октябрь айындагы жарманкеге катышуу үчүн каттоо 30-июнь айында аяктап, катышуучу компаниялардын даярдыгы башталган. Бул жарманкеге алдын ала катталган көрүүчүлөр кирүүгө мүмкүнчүлүк алып, атайын ишканалар гана катыша алышат. Жалпы сатып алуучулар бул ярмаркага кирүүгө уруксаат ала алышпайт.

Жарманкенин жүрүшүндө программада семинар да болуп өттү

Кыргызстан өндүрүш тармагы боюнча КМШ соода институту жана Орусия экономикасын изилдөө борборунун директору Важима Мики айым семинарда кыргызстандык катышуучуларды тааныштырып сөз сүйлөдү.

“Азия азыктары” жарманкеси кыргыз ишкерлери үчүн дагы бир жаңы соода аянтчасын ачып берген мүмкүнчүлүк болоруна терең ишенебиз жана катышып келген компанияларга ийгилик каалайбыз», — деди Мики айым.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...