Акыркы макалалар

Футбол: Кыргызстан менен Ливан тең чыкты

Футбол: Кыргызстан менен Ливан тең чыкты

6-октябрда Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Ливандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын жолдоштук беттеши 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо кечки 20:30да башталган.

Кыргызстандын футбол федерациясы беттешти көрүүгө 6500 күйөрман келгенин маалымдады. Аталган командалар буга чейин эки жолу беттешкен.

Кыргыз футболчулары ливандыктарга бир жолу утулуп, дагы биринде тең чыккан. Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде 108, Ливан 143-орунда турат.

11-октябрда Бишкекте кыргыз футболчулары Түркмөнстандын улуттук курама командасы менен ойнойт.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...