Акыркы макалалар

ӨКМ: аба ырайы туруксуз болот

2016-жылдын 3-октябрында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 10…15° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 15…20°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде 8…13° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо 1…6° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

3-4-октябрда Чүй облусунун тоо этектеринде, Талас өрөөнүндө жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында айрым жерлерде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт, мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчага, мөмө жемиштерге жана казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...