Акыркы макалалар

«Казакмыс Гол Кыргызстан» ишканасы жыл аягында ишке берилет

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД

«Казакмыс Гол Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) ишке киргизилиши үстүбүздөгү жылдын аягына пландаштырылууда.

Бул тууралуу КРдин өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн экономика, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Барчынбек Жантороев маалымдады. “Быйылкы жылы тоо-кен тармагында да чоң жылыштар, жаңы ишканалардын ишке кириши күтүлүүдө”,-дейт ал. Чет элдик инвестицияларды тартуу аркылуу облустун аймагында жаңы ишканаларды куруп, калкты жумуш менен камсыз кылуу багытында да бир топ иштер колго алынууда. «Атап айтсак, Таш-Көмүр шаарында темир эритмесин чыгаруучу «Авиньен» ЖЧКсынын биринчи меши жылдын аягына ишке кириши күтүлүүдө. Энергетика тармагында «Датка» 500 киловольттук көмөк чордонунун курулушу аяктоо алдында турат. Узундугу 256,5 чакырымды түзгөн 220 кВт электр чубалгыларын калыбына келтирүү жана жаңылоо жумуштары кызуу жүрүүдө»,-дейт Б.Жантороев.

Ошондой эле анын айтымында, Жалал-Абад облусундагы тоо-кен өндүрүү тармагындагы ири өнөр жай ишканаларынын ичинен 5 айдын жыйынтыгы менен «Макмалалтын» комбинатында 410 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 102,3 пайызга аткарылган. Чаткалдагы «Терек-Сай» кен иштетүү филиалында продукция өндүрүлүп, сатууга даярдоо иштери жүрүп жаткандыктан, көлөм июнь айынан баштап статистикалык маалыматка кире баштайт.

«Кен байлыктарды иштетүүдө облуста фирмалардын саны өсүүдө. «Айрыкча, алтын казган ишканалардын саны көбөйдү. Бул ишканалардын ачык иштеши, экологиялык коюлган талаптарды жана мыйзамдарды аткаруусу боюнча көзөмөл күчөтүлүп жатат. Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы алтын казуу, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзгөн ишканалардын ишмердиги текшерилди. Тиешелүү адистер тарабынан бир нече ирет экологиялык жана башка талаптарды бузгандыктары аныкталууда»,-дейт Б.Жантороев.

28.06.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...