Акыркы макалалар

Кыргызстандык спортчу Муртазали Муртазалиев 5-Азия пляж оюндарында коло медалды жеңип алды

Кыргызстандык спортчу Муртазали Муртазалиев 5-Азия пляж оюндарында коло медалды жеңип алды

Кыргызстандык спортчу Муртазали Муртазалиев 5-Азия пляж оюндарында коло медалды жеңип алды. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Маалыматка караганда, бул 5-Азия пляж оюндарындагы Кыргызстандын алгачкы медалы. М.Муртазалиев 77 килограммдык салмактагы категорияда

бразилиялык джиу-джитсу боюнча таймашкан.

Эскерте кетсек, 27-сентябрдан 3-октябрга чейин Дананг шаарында (Вьетнам) 5-Азия пляж оюндары өткөн. Мелдеште Кыргызстандан 11 спортчу пляж самбосу, пляж күрөшү, джиу-джитсу жана муай-тай боюнча таймашка катышат.

Ал эми 2014-жылы кыргызстандык спортчулар Таиландда өткөн 4- Азия пляж оюндарында пляж самбосу, пляж күрөшү жана тай боксу боюнча 6 медаль жеңип алышкан.

Белгилей кетсек, Азия пляж оюндары Азиянын Олимпиада Кеңешинин колдоосунда эки жылда бир жолу өтүп турат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...