Акыркы макалалар

Кара куурайга каршы чабуул башталды

Жыл сайын Ысык-Кол областында жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан областтын аймагында өсүүчү кара куурайды жок кылуу, баңгизаттарынын сатылышына жол бербөө тууралуу тескемелер чыгат. Быйыл да «Апийим-2013» операциясы башталды.

Учурда жер-жерлерде жапайы кендир өскөн аймактар такталып, алардын схема-карталары чийилүүдө. «Кара куурайды тазалоо иштерине коомчулукту тартуу зарыл. Бул милициянын, айыл округунун иши эмес деген кайдыгерликтен арылуубуз керек. Ар ким өз короосундагы, үлүш жерлериндеги кара куурайды чаап, өрттөшсө эле баңгизат деген балээден арылат элек. Кара куурай жыш өскөн аймактарда чогулуп тазалоо жумуштары колго алынышы шарт. Кара куурайдан жасалган баңгизат айрыкча өспүрүмдөргө, жаштарга терс таасирин тийгизүүдө»,-дейт Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы Жолдошбек Байсеитов.

ШЕЙШЕКАН ЖАНАЛИЕВА, ЫСЫК-КӨЛ

28.06.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...