Акыркы макалалар

Футбол дүйнөсүндөгү кызык окуялар

ТАБЫЛДЫ АСЫГАЛИЕВ

Кээде “спорттун падышасы” деп атап жүргөн футболго байланышкан кызык, таң калыштуу, айрым учурда күлкүлүү окуялар болот..

Бекхэм Кытайга барганда ызы-чуу болду

Англиянын 38 жаштагы оюнчусу быйылкы сезон менен өзүнүн футболдук карьерасын да токтоткон. Бирок ал кийинки күндөрү Кытайга көп барып жатат. Анткени ал, учурда коррупция жана ар кандай ызы-чуу баскан Кытай футболунун дүйнөдөгү өкүлү болуп, кытай футболунун аброюн көтөрүү менен алек. Ал үчүн Бекхэм Кытай футбол федерациясы менен беш жылга, 50 млн. еврого келишим түзгөн.

Бул жолу Бекхэм Кытайдын суперлигасындагы командалардын машыгуусун көрүп, мектеп окуучулары менен жолугушуп, бардыгы жакшы өтүп жаткан. Балээнин баары футбол жылдызы Шанхай университетине келгенде башталды. Анда кытайлык фанаттардын башы айланып, биротоло жинди болушту. Алар Бекхэмди жакындан көргүсү келип университеттин дарбазасынан секирип түшүп, сакчыларга баш ийбей коюшту. Өзгөчө, кыздар чарылдашып... Элдер өтө эле көп болуп акыры алар бири-бирин тебелешти. Жыйынтыгында үч полиция кызматкери, университеттин эки кароолчусу жана эки студент оор жаракат алышты. Айла жок, уюштуруучулар жолугушуу салтанатын токтотууга мажбур болушту. Бекхэм кытайлык сайттар аркылуу бардык жабыр тарткандарга “Тезирек сакайгыла”,-деп ден соолук каалап кетти.

Коңшу айылдан келген ок тийсе да ойной берип..

Боснияда үйлөнүү тою өткөн жерге жакын футбол ойнобош керек экен. Сараево шаарында ышкыбоздор арасында футбол боюнча жолдоштук беттешүү өтүп жаткан. Бир учурда дарбазачы Душко Крталица эмнегедир башынын катуу ооруп кеткенин сезип, бирок аны оюн учурунда дарбазаны сүзүп алгандыгына байланыштырып, ойной берген. Дарбазачы өзүн алмаштыруусун суранбай, оюндун аягына чейин чыдап, өз дарбазасына болгону бир эле гол киргизген. Бирок оюн аяктагандан кийин анын бир колу кыймылдабай, тили да чулдурай баштаган. 51 жаштагы Душкону ошол замат нейрехирургия бөлүмүнө жеткирип, операция жасашкан. Оюнчунун башын рентгенге тартып көрүп, дарыгерлердин эстерин оодарган. Көрсө, азамат дарбазачынын башында ок бар экен, ал күнү футбол оюну өтүп жаткан стадионго жакын айылда бир эмес, үч үйлөнүү тою өтүп жатыптыр. Кээ бир элдердин жаштарды куттуктоо учурунда улам-улам асманга ок аткыламай салты бар эмеспи. Боснияда да ошондой экен. Полициянын божомолу боюнча үйлөнүү тоюндагы ошондой октун бири дарбазачы Крталицанын башына тийген. Учурда гильзалар табылып, байкуш тигил “баш атар мерген” да кармалды деп жатышат. Кудай жалгап дарбазачы аман калган. Анткени, хирургдар анын башындагы окту сууруп алышкан. Дарбазачынын башына ок тийгенден көрө тойдогу күйөө баланын башына топ тийсечи...

“Өлсөк да футбол менен биргебиз”

Мындай пикирди бразилиялык күйөрмандар айтып чыгышты. 2013-жылдагы Канн кинофестивалында Бразилиянын “Ресифи” клубунун күйөрмандары тууралуу тартылган “Бессмертные фанаты” деген документалдык тасма “Гран-при” сыйлыгына ээ болгон. Тасмада клуб ээлери өздөрүнүн күйөрмандарына: “сүйүктүү клубуңарга жардам берип, түбөлүк бирге болгуңар келсе, өлгөндөн кийин да өздөрүңөрдүн органыңарды клубка таштап кеткиле, силер бизди толук колдой албасаңар жок дегенде денеңердин бир бөлүгү менен бизди колдоп турасыңар”,-деп кайрылышкан. Клубдун мындай чакырыгы чындап эле ишке ашып, көптөгөн фанаттар өз органдарын берүүгө даяр экендигин билдиришкен. Тасмага ал эмес өз кезегин күтүп жүрүшкөн чыныгы донорлор да тартылышыптыр. Акыры ал күтүлбөгөндөй натыйжа берип, май айында клубдун донордук баракчалары 51 миң адамга (“Ресифинин” стадионуна баткан элдин санынан көп) жеткен. Бир жылдын ичинде донорлор 54 пайызга көбөйүп, бардык рекорддорду жаңыртышкан. Жүздөгөн оорукчан адамдардын өмүрү аман калган, ал эми шаарда жана ал штатта донор издеп, кезек күтүп жаткандардын тизмеси жоюлган. “Биз өлсөк да баардыгы сүйүктүү командабыз үчүн”, -деген клубдун фанаттарынын урааны ишке ашып, алардын сөзү менен иши төп келип жаткан учуру.

28.06.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...