Акыркы макалалар

Казакстан бийлиги интернет баасы боюнча иликтөө жүргүзүүдө

Казакстан бийлиги интернет баасы боюнча иликтөө жүргүзүүдө

Казак бийликтери Кыргызстанга интернет транзити үчүн бааны көтөргөн провайдерлердин көмүскө бүтүмүн тактоонун үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу казакстандык жалпыга маалымат каражаттары жазды.

Алардын маалыматы боюнча интернет транизити менен иштеген кыргыз ишкерлери Казакстандын интернет ташуучулары бааны көтөрүү боюнча көмүскө чечим кабыл алышканын кабарлаган.

Интернет дүйнөдө убакыт өткөн сайын арзандап жаткан доордо баанын эки эседен жогору кымбатташын Кыргыз Республикасы мыйзамга ылайык келбейт деп эсептейт. Андыктан Кыргызстандын Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги Евразия экономикалык комиссиясына бул чыр-чатакты чечип берүү өтүнүчү менен кайрылган.

“Биз бул суроону кылдат иликтеп жатабыз. Бул базар мамилеси болгондуктан мамлекет бул тармакка анча кийлигишет албайт. Эгерде баа боюнча көмүскө чечим болсо анда териштиребиз. Анда дагы бир факторду карап көрүү керек болот. Биз интернетти Орусиядан алабыз. Орусияда дагы рынок экономикасы. Ушундай гана мамиле бар, эч кандай атайын фактор жок”, — деди Казакстандын маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаев.

Эске сала кетсек, «Казахтелеком» буга чейин эле бул кырдаалга эч тиешеси жок экенин билдирген.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...