Акыркы макалалар

“Куттуу билим” китеби жарык көрдү

“Куттуу билим” китеби жарык көрдү

XI кылымда жашаган улуу ойчул, акын, философ, энциклопедиялык билими бар илимпоз, түрк тилдүү калктардын улуу устаты Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” чыгармасы жарык көрдү. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” аттуу философиялык, адабий дидактикалык чыгармасы кыргыз тилинде академиялык басылма катары жарык көрүп жатат. Китеп тарыхчы, тилчи, адабиятчы, философторго жана жалпы эле көркөм мураска кызыккандарга арналат.

“Куттуу билим” китеби Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн бюросу жана Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Окумуштуулар кеңеши тарабынан басмага сунуш кылынган. “Куттуу билим” дастанын филология илимдеринин доктору, профессор Сагалы Сыдыков которгон. Жооптуу редакторлору академик А.Акматалиев менен филология илимдеринин доктору К.Токтоналиев.

Белгилей кетсек, Жусуп Баласагындын бул чыгармасынын китеп болуп чыгышы анын 1 000 жылдык мааракесине жана быйылкы “Маданият жана тарых” жылына арналган иш-чаралардын негизинде ишке ашты.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...