Акыркы макалалар

Айсулуунун сиңдилерине жол бошоткула!

Айсулуунун сиңдилерине жол бошоткула!

Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өспүрүмдөр арасында өткөн спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө биринчилигинде кыргызстандык кыздар мыкты ийгилик жаратышты. 70 кг чейинки салмакта Айпери Медет кызы финалга чыгып, япониялык кызга утулуп калып 2-орунду ээледи. Мээрим Джуманазарова (56кг) менен Назира Марсбек кызы (52кг) өз салмактарында коло байгелүү болушту. Жаш кыздарыбыздын дүйнөлүк биринчиликтеги ийгиликтерин көрүп, Айсулуу Тыныбекова жалгыз эмес экендигине кубандык. “Эжесин көрүп сиңдиси өсөт” дегендей, жаш балбан кыздарыбыз эртең эле Айсулуунун жолун жолдошуп, кыргыз Туусун көкөлөтүшөт деген ишеничте ийгилик каалайбыз.

Асан Жунусов

Түп нускага шилтеме : erkintoo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...