Акыркы макалалар

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2 жыл сайын салттуу түрдө Кыргызстанда өткөрүлүп турат

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2 жыл сайын салттуу түрдө Кыргызстанда өткөрүлүп турат

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2 жыл сайын салттуу түрдө Кыргызстанда өткөрүлө турган болду. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн басма сөз жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан бул оюндар аркылуу өлкөнү жакшы жагынан көргөзө алды.

"КРнын Президенти Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына салымын кошкон бардык жарандарга, адистерге ыраазычылыгын билдирет. Мындан ары салттуу түрдө иш-чараны өлкөбүздө өткөрүп турууга чечим чыгарылды. Кыргызстандыктарды ушундай мыкты иш-чаранын ийгиликтүү өткөрүлүшү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз", - деди Сапар Исаков.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...