Акыркы макалалар

Нарын облусун өнүктүрүү үчүн жаңы кадам ташталат

Нарын облусун өнүктүрүү үчүн жаңы кадам ташталат

Нарын облусун өнүктүрүү максатында айыл - өкмөттөргө айына 100 миң сомдон берүү каралып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков маалымат берди.

"Биз областык администрациянын астында өнүктүрүү фондун ачканбыз. Өнүктүрүү фонду деп аты айтып тургандай, биз өнүктүрүүгө жумшашыбыз керек. Биз мамлекетти карап отура бербестен, майда - чүйдө жумуштарыбызды өзүбүз бүтүрүшүбүз керек. Бир жылда фондго 12 млн 400 миң сом түшкөн. Бул акчанын тилекке каршы 60 - 70 %ы социалдык тармакка кеткен. Ал эми быйыл өнүктүрүүгө жумушайлы деп турабыз. Июлдан баштап жаңы шарттарды коюп жатабыз. Шарттары, ар бир райондон бирден айыл өкмөт айына өзүнүн долбоорун сунуштайт."

Идеяны ишке ашыруу үчүн "Аймакты өнүктүрүү" фондунан каражат бөлүнүп, айыл - өкмөттөрүнүн облусту өнүктүрүүгө багытталган долбоорлору сунушталып, эгерде ал атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жактырылса, аны ишке ашыруу үчүн айына 100 миң сомдон бөлүнүп берилет. Бирок сунушталган долбоорлор жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кыла турарлык болушу кажет.

Дөбөлү айыл - өкмөтүнүн башчысы Жанышбек Ибраимакун уулу бул идеянын аркасы жакшы жемиштерди берээрине ишенет.

Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков ар бир айыл - өкмөткө, райондорго, айылдарга да өнүктүрүү фондун ачууну сунуштап жаткандыгын айтты. Анткени анын айтымында, өз айылына жардам бергиси келген адамдар жок эмес. Кошумчалай кетсек, Нарында жалпысынан 5 район, 63 айыл - өкмөтү бар.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...