Акыркы макалалар

Ошто аскер бөлүгүндөгү мушташта ефрейтор набыт болду

Оштогу 01525 аскер бөлүгүндө жоокерлер ортосунда мушташ чыгып, келишим менен кызмат өтөп жаткан ефрейтор Эламан Ташбалта уулу набыт болду. Окуя 6-сентябрда кечке жуук болгонун Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, маркум катардагы жоокер менен жаңжалдашкан. Мушташ учурунда алган жарааттан эсинен танып, кезметчи аскерлер аны ооруканага жеткиришкен. Бирок өзүнө келбей, көз жумган.

Факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан иликтөө жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...