Акыркы макалалар

Нарында инвестициялык форум өттү

Нарында инвестициялык форум өттү

Кечээ Нарын шаарында Жаштар борборунда аймактагы инвестициялык абал тууралуу форум өттү. Ага экономика министри, чет өлкөлүк инвестициялык жана соода компаниялардын өкүлдөрү, ишкерлер, өкмөт мүчөлөрү ошондой эле Жогорку Нарын каскадын кура турган орусиялык компаниянын өкүлдөрү катышты. Экономика министри Темир Сариев форум учурунда өлкөдө, тартиптин жана мыйзамдарды сактоо жетишпей жаткандыгын айтты.

Экономика министри ГЭСтерди куруп жаткан “РусГидро” компаниясы ишке киришсе жергиликтүү тургундар жумуш орду менен камсыз болоорун баса белгиледи.

“Теңир-Тоо-2013” инвестициялык форумунда негизинен туризм, жер иштетүү, балык чарбачылыгы жаатындагы долбоорлор талкууланып, облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков Нарын жергисинде инвестицияга жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгын айтты.

Ошондой эле, Канатбек Муратбеков өлкөдө сталбилдүүлүк болмоюнча инвестиция келбей тургандыгын айтып, бирок келечекте жакшы иштер жасала тургандыгын билдирди.

Нарын облусунун экономикалык өнүгүшүн максат кылган бул форум алгач 2011-жылы өтүп, анда, жалпы 32 долбоор сунушталса, анын 19у жактырылган. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин бул долбоорлордун 16сы ишке ашкан. Ал эми, 2012-жылы өткөн форумда бир да долбоор жактырылып, колдоого алынган эмес.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...