Акыркы макалалар

Тоо - кен окуу борбору каалоочуларды кабыл алганга даяр

Тоо - кен окуу борбору каалоочуларды кабыл алганга даяр

Жалал - Абад облусунун Ала - Бука районуна караштуу Ак - Коргон айылында жайгашкан №21 лицейдин алдында Тоо - кен окуу борбору ачылып, ага 21 жаштан 50 жашка чейинки жарандар тапшыра алышат. Окуу борборунун ачылышы тууралуу "Казахмыс Gold Кыргызстан" компаниясынын мүдүрүнүн атайын өкүлү Улан Баймырзаев маалымат берди:

"Бул жерге биз атайын окуу борборун ачканбыз . Себеби, биздин Ильяс Валеревич "Казахмыс Gold Кыргызстан" компаниясынын жетекчилиги элдер менен жолугушкан учурда, элдерден ушундай талап түшкөн. Биздин балдар билим алууда кыйналып жатышат деген маселелер коюлгандан кийин, биз эки классты алып, капиталдык ремонттон өткөргөнбүз. Жатакананын ичин эмерек менен жабдып, ошондой эле эки классты тең компьютер менен толук жабдып бергенбиз. Андан сырткары 6 балдар жашай турган комнатаны толук капиталдык ремонттон өткөрдүк. Бул жерде жуунучу бөлмөлөрү иштебей калган, азыр баары иштейт. Азырынча биз бул жерден кадрларды даярдай элекпиз, бирок окутканга толук шарт бар”.

№21 лицейинин мүдүрү Зулайка Кулбаева 24 окуучудан турган эки классты окуу борбору кабыл алганга даяр экенин билдирди:

“Биздин №21-кесипттик лицейинин алдында Тоо - кен окуу өндүрүштүк борборун ачкан. 2 класс комплектин даярдап беришкен, 2 класста 24 окуучу окуйт. Ошону менен бирге жатаканасын да жабдып беришти. Тоо - кен окуу өндүрүштүк окуу борбору окууга даяр болуп жабдылып турат. Жакынкы күндө окуу борборунда окуучуларды даярдап чыгара баштайбыз. Элде талап күчтүү болсо,биз бир эле мезгилде эки адистикди даярдасак болот. Жыл ичинде элдерден канча суроо талап түшсо, биз ошонун баарын аткарганга даярбыз”.

Баардык шарты түзүлгөн окуу борборунда жалпы 6 адистикти даярдап чыгарышат. "Бүткөндө кадимки окуу жайлардай экзамен тапшырышып, өткөндөргө сертификаттар берилет. Жакшы аяктагандарга жумуш менен камсыз болууга толук шарттар түзүлөт” , - дейт Зулайка Кулбаева өз сөзүндө.

“Бул жерде 6 кесип боюнча даярдалат. Өткөөлчүлөр, бурильщиктер,жер алдындагы электро - монтерлор, электрогазосварщиктер, слесарь ремонтниктер, компьютерщиктер, офис менеджерлер даярдалат. Бүткөндө ошол адистиги боюнча сертификаттарды алышат, эгерде электрогазосварщик болсо разряддары кошо берилет. Ал эми бул жерге келип, окуган ушул 3 айлык мөөнөттөгү окуучулардын тамактарын Казахмыс өзү каржылайт. Биз бышырып беребиз”.

Жергиликтуу тургундардын айтымында мындай окуу жайга элдер көптөн бери муктаж болуп келишкен.

"Окуу борборунун ачылышы менен миграция токтоп, жакшы натыйжаларын берет", - дейт Ала - Бука айылынын тургуну Кабарбек Көчөрбаев.

“Мен мисал үчүн жаран катары аябай кубанычтамын. Чаткал зоонасы,Терек сай зоонасы, Казахмыс иштеп жаткан жерлер специалистке абдан жарды. Өкүлдөр айтып жатпайбы республиканын булуң бурчунан келип иштеп жатышат деп. Ошолордун баары ушул жерден окуп, кадрлар чыгып турса, бизде тополоң чыкмак эмес биринчиден. Экинчиден миграция токтомок, Россияга, Казакстанга кеткенден көрө ушул жерде тарбияланса, окуса уй бүлөсүн бакмак”.

Жогоруда аталган окуу жайга тапшырган биринчи 2 группа акысыз окутулат. Ага айылдагы турмуш шарты оор болгон үй - бүлөлөрдүн балдары окуйт деп пландалып жатат. Ал эми андан кийинки тапшыргандар 3 айга 2 500 сомдон төлөп окушат.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...