Акыркы макалалар

Ош шаарынын 2016-2020-жылдагы өнүктүрүү программасы кабыл алынды

Ош шаарынын 2016-2020-жылдагы өнүктүрүү программасы кабыл алынды

Ош шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги IV сессиясы болду. Күн тартибине жалпысынан 22 маселе каралып, алардын негизгилеринин бири Ош шаарынын 2016-2020-жылдагы өнүктүрүү программасы болду.

Калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев депутаттардын берген суроолоруна жооп берип жатып, башкы максат социалдык объектилери жетишсиз болгон аймактык кеңештерди колго алуу экендигине токтолду.

“ Ош шаарынын 2016-2020-жылдагы өнүктүрүү пргограммасында мектеп, балдар бакчалары жетишсиз аймактарга социалдык объектилерди куруу камтылган. Мындан тышкары таза суу көйгөйүн чечүү, жол маселелери, жагымдуу чөйрөнү түзүү, курулуш тармактарын жөнгө салуу, инвестиция, ишкерлерге колдоо көрсөтүү сыяктуу көптөгөн долбоорлор иштелип чыгып, программага камтылды”, - деди А. Кадырбаев.

Жыйындын жүрүшүндө программа суроо жооп иретинде жүрүп толук талкууланды. Андан соң, шаардык кеңештин депуттаттарына добушка коюлуп, кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын 2016-2020-жылдардагы өнүктүрүү программасын приоритеттүү беш багыты төмөнкүлөр:

1. Ынтымактуу коомду түзүү

2. Динамикалуу экономика

3. Мамлекеттик жана муниципалдык социалдык кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу

4. Жагымдуу чөйрөнү түзүү

5. Экологиялык коопсуздук жана айлана- чөйрөнү коргоо

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...