Акыркы макалалар

Баатырбеков: «2006-жылдагы Үңкүр-Тоо боюнча келишимди кыргыз тарап ратификациялаган эмес»

Баатырбеков: «2006-жылдагы Үңкүр-Тоо боюнча келишимди кыргыз тарап ратификациялаган эмес»

— Үңкүр-Тоо боюнча өзбек тарап 2006-жылы келишимге кол койгон фактылар бар экендигин айтып, ошого таяп атышат. Ал убакта деле сүйлөшүү болгон. Бирок, сүйлөшүүлөр канчалык деңгээлде туура болгондугу күмөн жараткандыктан, ал келишим Кыргызстан тараптан ратификацияланган эмес, — дейт эл өкүлү.

22-августта Аксы районундагы Үңкүр-Тоодогу тактала элек аймакка Өзбекстандын жети милиция кызматкери түшүрүлгөн. Бул кыргыз коомчулугун дүрбөлөңгө салып, кооптонууну жаратты. Көп өтпөй кыргыз-өзбек чек ара кызматынын башчылары жолугушуп, бул маселени талкууга алышканын аталган мекемеден билдиришти. Эки тараптуу сүйлөшүүдө өзбек тарап Кыргызстандан Ала-Букада кармалып турган өзбек милиция кызматкерин өткөрүп берүүнү, Орто-Токой суу сактагычынын тегерегиндеги кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салууну талап кылган. Сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз тарап өзбек милиция кызматкерин бошотту. Бирок, тик учак менен түшүрүлгөн өзбек милиция кызматкерлери азыр кете элек. Учурда Мамлекеттик чек ара кызматы чек арадагы абалды көзөмөлгө алып турат. Үңкүр-Тоого байланышкан маселелер боюнча Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынан депутат, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков менен «Күн чекитте» маектештик.

— Мамлекеттик чек ара кызматы Үңкүр-Тоодогу кырдаал боюнча акыркы учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп жаткандыгын айтууда? Бул сүйлөшүүлөр кандай жыйынтыгын берет?

— Буюрса жакшы жыйынтык болот деген үмүттөбүз. Негизи чек ара маселеси эки мамлекеттин ортосундагы сүйлөшүү жолу менен гана чечиле турган нерсе болуп саналат.

— Жакында Өзбекстанда өткөн КМШ мамлекеттеринин саммитине президент Атамбаевдин катышуусунан улам кыргыз-өзбек мамилеси, деги эле чек ара маселелери жакшы жагына чечилет деген үмүттөр болгон. Бул жолугушуулар таасирин тийгизе алган жокпу?

— Мисалы, өзбек тарап 2006-жылы келишимге кол койгон фактылар бар экендигин айтып, ошого таяп атышат. Ал убакта деле сүйлөшүү болгон. Бирок, сүйлөшүүлөр канчалык деңгээлде туура болгондугу күмөн жараткандыктан, эл аралык норма менен келишим өтпөгөндүктөн, ал Кыргызстан тараптан ратификацияланган эмес. Ошондуктан, коюлган кол жеке кызыкчылыктардан улам коюлушу мүмкүн болгондуктан, бул жер талаштуу деп айтылып атат.

— Негизи эле өзбек милиция кызматкерлеринин такталбаган жерге кирип келүүсүн кандай түшүнсө болот? Эмне себептен өзбек тарап мындай кадамга барышы мүмкүн?

— Бул маселени өзбек тараптан сураш керек. Жогоруда айткандай алардын негизги таянган нерсеси 2006-жылы кол коюлган келишим болуп атат.

— Чек ара кызматынын маалыматы боюнча өзбек тараптын эки талабы бар экен. Биринчиси, камактагы өзбек милиция кызматкерин бошотуу, экинчиси, Орто-Токойду кайтарып турган милиция бекеттерин алуу. Бул талаптардын биринчиси аткарылды. Эми кыргыз тарап экинчи талапты да аткарабы?

— Бул талапты аткаруу маселеси бүгүнкү күндө коюлган жок. Эки тараптын тең талаптарын угуу менен бир чечимге келет деген ойдомун.

— Үңкүр-Тоонун айланасындагы маселе бир топ жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Муну оң жагына чечүү үчүн кандай кадамдарга барыш керек? Президенттердин деңгээлинде чечилиш керекпи? Анткени кыргыз бийлигинин алсыздыгынан улам өзбек тарап ушундай мамиле жасап атат дегендер да бар.

— Азыркы учурда саясатта дагы, коомчулукта дагы сынчылар көбөйүп кетти. Чек ара маселеси жүз жылдап талаш-тартыш жаратып, чечилбеген мамлекеттер бар. Бүгүнкү күндө биз каалайбызбы, каалабайбызбы эки мамлекеттин макулдугу менен гана бул маселе чечилет. Ооба, кээде айрым талаш маселелер эл башчыларынын кадыр-баркы, сүйлөшүүсү менен чечилген фактылар бар. Ошол фактыларга таянып, ушундай ойлорду айтып атышат. Бирок, айтылган сөз менен эле чечилет деп эч ким кепилдик бере албайт. Бул бүгүн же эртең эле чечиле койчу маселе эмес. Ошондуктан, мамлекеттин, же эл башчыларынын алсыздыгы деген кептер туура эмес деп ойлойм.

— Өзбек тарапты эске албаганда, биз тараптан кандай чечкиндүү кадамдар болуусу керек?

— Бул эки мамлекеттин тиешелүү мекемелеринин ортосунда түзүлгөн комиссиялардын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде чечилиши керек. Эгер ал келишимдерге бир тарап макул болбой койсо эле, ал маселе чечилбейт. Ал эми Үңкүр-Тоого байланыштуу алганда, эгер өзбек тарап биз айткан нерселер менен макул болот деген сөзүбүз болсо, анда бул маселени эчак чечмекпиз. Мындай талаштуу маселелердин чечилишин тарых көргөзүп келет. Мүмкүн бир райондон жер алып, экинчи райондон жер берүүгө туура келет. Же бир тараптуу чечим кабыл алып, кандайдыр бир саясий колдоо табышы ыктымал. Балким ушундай нерселер менен чечилилет. Ошондой эле жергиликтүү элдин кызыкчылыгы эске алынгандыгы үчүн 2006-жылы кол коюлган келишимди туура эмес экендигин далилдөөгө азыркы бийлик аракет кылып атат. Эгер элди укпаса, кол коюлуп калган нерсени берип коюп, отуруп калмакпыз. Анда бул жер талаш жаратмак эмес. Мурунку бийлик туура эмес кадамга барса дагы, аны тактоо керек деген принципте туруп атабыз.

— Маегиңизге ыраазычылык билдирем!

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...