Акыркы макалалар

Футбол. Жолдоштук беттешүүлөр

ТАБЫЛДЫ АСЫГАЛИЕВ

Бразилия - Англия - 2:2

Рио-де-Жанейро.

Бразилиянын легендарлуу “Маракана” стадионунда оңдоо иштер аяктап, реконструкциядан өткөндөн кийин өзүнүн биринчи, расмий оюнун өткөрдү. “Мараканада” Бразилия Англия курама командасын кабыл алып, оюн 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Оюнда голдордун бардыгы экинчи таймда кирип, командалар алмак-салмак алдыга чыгып жатышты. Адегенде үй ээлери 1:0 эсебинде алдыга чыкса, кийин англиялыктар 2:1 эсебинде утуп жатты.

Өз дарбазаларына гол киргизип...

АКШ - Германия - 4:3

Ал эми Вашингтондо АКШ менен Германия курама командалары жолдоштук беттешүү өткөрүштү. Эки команданын ортосундагы кызыктуу оюнга 50 миңге жакын адам күбө болду. Ал эми оюнда америкалыктар немистердин дарбазасына төрт гол киргизип, 4:3 эсебинде жеңип кетишти. Бул оюнда кызыктуу окуя болуп, Германиянын дарбазачы Тер Штеген өз дарбазасына гол киргизип алды. Ошондой эле Япония - Болгария жана Мексика - Нигерия оюндарында да япониялык Хасебе менен, мексикалык Торрадо өз дарбазаларына гол киргизишкен.

Жолдоштук беттешүүлөр:

Украина – Камерун - 0:0

Түркия - Словения - 0:2 (Новакович, 11. Матавж, 66).

Италия - Сан-Марино - 4:0 (Поли, 28. Джилардино, 34. Пирло, 51. Аквилани, 80).

Япония - Болгария - 0:2 (Манолев, 3. Хасебе, 70, өз дарб).

Мексика - Нигерия - 2:2 (Эрнандес, 21, 70 - Идейе, 29, пенальти. Торрадо, 40, өз дарб).

Европадагы спорт басылмалар ассоциациясы (ESM) - World Soccer (Англия), Sport/Voetbal Magazine (Бельгия), Fanatik (Түркия), ELF Voetbal (Голландия), Tipsbladet (Дания), Kicker (Германия), Marca (Испания), Frankfurter Allgemeine (Германия), De Telegraaf (Голландия), A Bola (Португалия) "Спорт-Экспресс" (Орусия), 2012-2013-жылдагы Европа өлкөлөрүнүн улуттук чемпионаттарында ойногон оюнчулар май айынын жана 2012-2013-жылдагы символикалык курама командасын түзгөн. Алар:

Май айындагы курама команда: Нойер ("Бавария", 5 добуш); Иванович ("Челси", 9), Лам ("Бавария", 8), Суботич ("Боруссия Д", 5), Алаба ("Бавария", 5); Хави Мартинес ("Бавария", 6), Гюндоган ("Боруссия" Д, 6), Мюллер ("Бавария", 5); Рибери ("Бавария", 5), Роббен ("Бавария", 10), Торрес ("Челси", 4).

2012-2013-жылдагы сезондун курама командасы: Нойер; Лам, Данте ("Бавария"), Кьеллини ("Ювентус"); Бэйл, Швайнштайгер, Мюллер, Гюндоган; Месси ("Барселона"), Ибрагимович, Криштиану Роналду ("Реал").

07.06.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...