Акыркы макалалар

Туризм сезону саясий туруктуулуктан көз каранды

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

Кыргызстанда туризм сезонунун ачылышы аймактардагы баш аламандык, элдик толкундоолор менен коштолуп, бир топ эс алуучулардын өлкөгө келүүдөн баш тартуусуна алып келди. Туризм тармагындагы адистер өлкөдөгү олку-солку окуялар кыргызстандыктарга гана эмес, чет өлкөлүктөргө да көнүмүш адат болуп калганын айтып, ошентсе да кыйыр түрдө терс таасирин тийгизерин айтышууда. Ага карабай, алдыдагы туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүп алуунун чаралары көрүлүүдө.

ТУРИСТТЕР КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛҮҮДӨН БАШ ТАРТКАН ЖОК

Кыргызстан туроператорлор бирлигинин жетекчиси Елена Калашникова айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында “келе турган туристтердин 70 пайызы жолдомолорун кайтарып алышты” деген маалыматты четке какты. Анын айтымында, өлкөдөгү олку-солку окуялардан кийин алдын ала жолдомо алгандардын 0,1 пайызы гана кайтарып беришкен болбосо, массалык баш тартуу болгон эмес. “Жакынкы аралыктарда жүз берген окуяларга карабай, туристтердин жылдагыдай ал түгүл андан да көп келери болжонууда. Бирок, кээ бир массалык маалымат каражаттарындагы такталбаган маалыматтар чындыкка туура келбейт. Акыркы жылдары биздин өлкөдө туризм тармагы өнүгүп баратат. Кыргызстанга туристтердин келүүсүн каалбаган атаандаштар кырдаалдан пайдаланып, ушундай тескери пикирлерди жайылтып жатат”, -деди Е.Калашникова.

БЫЙЫЛ ЖЫЛДАГЫДАН КӨП ТУРИСТ КЕЛЕРИ КҮТҮЛҮҮДӨ

2012-жылы Кыргызстанга 3,5 миллионго жакын турист келген. Ал эми ушул жылдын төрт айында эле 670 турист эс алганы келди. Кыргыз жергесин көрүүгө куштарлангандардын катарынын көбөйүшү өткөн жылы Кыргызстандын 44 өлкөнүн жарандарына визаны жойгону менен байланыштуу дешет талдоочулар. Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаментинин маалыматына караганда быйыл Кыргызстанга келе турган туристтердин саны өткөн жылга караганда 10-15 пайызга көп болору күтүлүүдө. Өткөн жылы бул тармактагы өсүү 21,6 пайыз болуп, улуттук дүң өндүрүштүн 3 пайызын түзгөн.

ЫСЫК-КӨЛГӨ ИРИ ИНВЕСТИЦИЯ

“Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлүнө алдыдагы туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүүсү үчүн чоң мүмкүнчүлүк берилди”,-деп маалымдады премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев аталган аймакка жаңыдан дайындалган өкүл - Токон Мамытовду жергиликтүү эл менен тааныштыруу учурунда. Өкмөт башчынын айтымында, Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарларын өнүктүрүү максатында 120 млн. доллар бөлүнүп берилет. “Курорттук шаарлардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн мындай ири инвестиция өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында болгон эмес”,-деди Ж.Сатыбалдиев.

ТУРИЗМ БАГЫТЫ КЫРГЫЗСТАНГА ООП БАРАТАТ

Кыргызстан туроператорлор бирлигинин жетекчиси Елена Калашникованын айтымында, жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан көргөзмөлөр өлкөнү таанытуунун мыкты куралы болду. “Башкасын айтпаганда да быйылкы жылы эл аралык көргөзмөдө өнүгүүлөр бар экени байкалды. Кыргызстанды башка өлкөлөр мисал кылып, өзгөчө батыш өлкөлөрүндө туристтик өлкө катары аброю жогорулады. Азыр Казакстан, Орусиянын Урал тарабындагылар туризм багыты боюнча Кыргызстанга бет алды”, - деди Е.Калашникова.

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ТУРИСТТЕР ЭЛЕКТРОНДУК ВИЗА МЕНЕН ДА КЕЛЕ АЛЫШАТ

Маданият жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Данияр Казаковдун билдирүүсүнө караганда, быйылкы жылы чет өлкөлүк туристтер үчүн электрондук виза кызматы иштей баштайт. “Кыргызстанга келип эс алып кетүүгө камданган адам дүйнөнүн кайсы жеринде болсо да интернет аркылуу анкета толтуруп, аны Кыргызстанга жөнөтө алат. Аны Тышкы иштер министрлиги менен коопсуздук кызматынын өкүлдөрү текшерип, кайра жиберишет. Андан соң турист ошол документ менен биздин өлкөгө келе берсе болот”,-деди Д.Казаков.

Ал кошумчалагандай, ушул жылы электрондук визаларды текшерүүчү орнотмолор 15 чек ара күзөтүнө коюлмакчы.

ЖАКШЫ СААМАЛЫКТЫН ЖЕЛАРГЫСЫ

Жакында Кыргызстан туризм тез өнүгүп бараткан 10 өлкөнүн катарына кирди. Дүйнөлүк саякат жана туризм кеңеши чыгарган жаңы баяндамада айтылгандай, Кыргызстан туризм тармагы тездик менен өнүгүп жаткан алдыңкы өлкөлөрдүн арасында үчүнчү орунда турат. Бул уюм 2012-жылы туризм менен саякаттан түшкөн киреше өлкөнүн улуттук дүң өндүрүшүнө канчалык салым кошконун эсептеп чыгып, тизме жарыялаган.

Туризм тармагы тездик менен өнүгүп бара жаткан 10 өлкөнүн тизмесинде Катар, Азербайжан, Кыргызстан, Монтенегро, Өзбекстан, Белоруссия, Панама, Филиппин, Тунис жана Чили мамлекеттери турат.

07.06.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...