Акыркы макалалар

Ипотека: 220 дан ашуун жаран 230 млн. сомго чукул насыя алышты

Ипотека: 220 дан ашуун жаран 230 млн. сомго чукул насыя алышты

Бюджеттик мекемелерде эмгектенген кызматкерлерди турак-жай менен камсыз кылууга багытталган өкмөттүн «Жеткиликтүү турак-жай» долбоорунун алкагында 220дан ашуун жаран 230 млн. сомго чукул насыя алышкан. Бул тууралуу «Марал» радиосуна Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын башкармалыгынын төрага орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу билдирди.

Андан сырткары «Жеткиликтүү турак-жай» программасынан баш тарткандардын дагы саны өстү. Маалыматка ылайык ипотека менен үй алууга арыз берген 4684 жарандын 526сы өкмөттөн насыя алуу боюнча берген арызын артка кайтырып алган. Нуржигит Үсөнакун уулу муну өкмөттүн долбоору боюнча карапайым элдин маалыматынын жоктугу менен байланыштырды.

«Жеткиликтүү турак-жай» программасынын алкагында насыя 12 пайыздан 14 пайызга чейин 15 жылга берилет. Насыя алуунун шарттары боюнча жарандар баштапкы салым катары өзүлөрү дагы каражат чыгарышы зарыл.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...