Акыркы макалалар

«Тил жана маданият» аттуу жаңы гезит чыкты

«Тил жана маданият» аттуу жаңы гезиттин бет ачары 5-июнда Орус-Славян университетинде болуп өттү. Бул газетанын ээси республикалык «Кыргыз тили» коому. “Гезит улуттук тил менен маданияттын эриш-аркак өнүгүүсүнө көңүл буруу менен театр, кино, музей, китепкана жана башка ушул сыяктуу маданий мекеме-уюмдар менен тыгыз байланышта иш алып барууну көздөйт”, - дейт «Кыргыз тили» республикалык коомунун президенти Райымжан Курбанов.

Бул гезит К.Бобулов аталган коомго төрага кезинде 1991-жылдан тарта «Эне тили» деген ат менен чыга баштаган, бирок кийин ал каржы каатчылыгынан улам чыкпай калган эле.

Бетти даярдаган Абдыкерим Муратов

07.06.2013, №22

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...