Акыркы макалалар

Төкмө акындардын айтыш сынагында 8 акын эмес, 12 акын тандалып алынды

Кыргыз Республикасын вице-премьер-министри Гулмира Кудайбердиеванын «Айтыш 2016» сынагын көзөмөлдөө боюнча тапшырмасына ылайык, Кырыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаков «Айтыш» коомдук фонду менен биргиликте Х Эл аралык төкмө акындар айтышынын тандоо туру төмөндөгүдөй жыйынтыкталгандыгын билдирет. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Элдин пикирин эске алуу менен жогорку упайлардын негизинде тандоо турунан 8 (сегиз) акын эмес, 12 (он эки) акын тандалып алынды.

Калыстардын курамы өзгөртүүсүз калтырылып, Кырчын жайлоосундагы айтышта калыстар баасын ачык көтөрмөй болушту.

2016-жылдын 4-5-сентябрында Казак акындарынан 8 (сегиз), Кыргыз акындарынан 12 (он эки) акын Кырчын жайлоосунда кызуу айтыш курушат деген ишенимде.

Тандоо турунан өткөн 12 (он эки) кыргыз акыны:

1. Назаров Болот

2. Бейшенов Кадырбек

3. Маратов Асылбек

4. Кожошев Чыңгыз

5. Айдаркулова Изат

6. Туткучев Аалы

7. Болгонбаев Азамат

8. Кутманалиев Амантай

9. Жеңишбек Жумакадыр

10. Кулуев Максат

11. Адылов Шекербек

12. Айтбаев Идирис.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...