Акыркы макалалар

Тил комиссиясы: Меймандарды көчмөндөр оюндарына кыргыз тилинде тосуп алалы

Тил комиссиясы: Меймандарды көчмөндөр оюндарына кыргыз тилинде тосуп алалы

Эл аралык иш-чара болгон Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын көрнөк-жарнактары мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды бузууда. Тагыраак айтканда, Бишкек шаарында кыргызча котормосу жок баннерлер илинген. Андыктан тил комиссиясы бул каталарды оңдоо үчүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгына арыз жиберди. Бул тууралуу Мамлекеттик тил комиссиясы билдирди.

«Бизден башка бир дагы өлкөдө мейманды башка тил менен тоспойт!» деп билдирди Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы А.Молдоканов.

Анын айтымында мыйзам боюнча көрнөк-жарнактарга жазуулар биринчи кыргыз тилинде жазылышы керек. Анда кийин башка тилдердеги котормосун жазууга болот.

Эске салсак, быйыл Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунда 3-8-сентябрь күндөрү өтөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...