Акыркы макалалар

Кыргызстандык штангист Жаңыл Окоева Олимпиадага жолдомо утуп алды

Кыргызстандык штангист Жаңыл Окоева Олимпиадага жолдомо утуп алды

Бул тууралуу КРнын оор талетика федерациясынын президенти Уланбек Молдодосов билдирди. Анын “Марал” радиосуна билдиргенине караганда, дүйнөлүк оор атлетика боюнча башка өлкөдөн келген спортчулардын күбөлүгү кайтарылып, натыйжада кыргызстандык Жаңыл Окоевага уруксат берилди. Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай, олимпиада лицензия алган өлкөлөрдүн спортчуларынын айрымдарынан допинг табылгандыктан, упайлар боюнча кийинки жолдомо Кыргызстанга буйруган.

Учурда олимпиядачылардын бардыгы даярданып жатышат. Мелдешүүлөргө башка спортчулар менен чыгып жатышат. Грек-рим күрөшү бөлүмү Кореяда жайгашкандыктан корейлер менен биргеликте даярданышууда. Ал эми дзюдоисттер Казакстанда, айрым спортчулар Россияда, ал эми калгандары болсо Ысык-Көлдө даярданышууда.

Рио-де-Жанейро шаарында (Бразилия) өтүүчү XXXI Олимпиадалык жана XV Паралимпиадалык оюндарга катышуу үчүн Кыргызстандан расмий делегация барат. Спортчуларды алардын жеке машыктыруучулары, Улуттук олимпиадалык комитеттин жетекчилиги, дарыгерлер жана пресс-катчы коштоп кетет.

Маалыматка ылайык, Улуттук олимпиада комитетинде Бразилиянын Казакстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандагы Атайын ыйгарым укуктуу элчиси Деметрио Буэно Карвальо мырза, Кыргызстандын улуттук курама командасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, Бразилия Олимпиада өткөрүүгө даяр деп билдирди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...