Акыркы макалалар

Улуттук кийим боюнча флешмоб өткөрүлөт

31-августта борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына карата улуттук кийим боюнча флешмоб өткөрүлөт. Иш-чараны Тарых жана маданият жылынын алкагында "Ак элечек айымдар" коомдук бирикмеси Тарых жана маданият жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын колдоосунда уюштурат.

Флэшмобго катышууну каалагандар төмөнкү жаш курак боюнча улуттук кийимдерди кийип келүүлөрү керек:

10 жаштан 15 жашка чейинки кыздар - топу, кемсел, көйнөк.

15 жаштан 18 жашка чейинки кыздар -кыз такыя, кемсел, көйнөк.

18 жаштан 20 жашка чейинки кыздар -кыз такыя, кемсел, көйнөк.

20-25 жаш курактагы кыздар – улуттук киймден тышкары баш кийимине шөкүлө.

25 жаштан 30 жашка чейинки аялдар - келин элечек.

30-50 жаш курактагы аялдар - айым элечек.

60 жаштан жогорку курактагы чоң энелер-байбиче элечек.

Флэшмоб 31-августта саат 14.00дөн 14.30га чейин өткөрүлөт.

Түп нускага шилтеме : www.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...