Акыркы макалалар

Беш жылдан кийин республиканын 60-70 пайызы газ менен камсыздалат

Беш жылдан кийин Кыргызстандын 60-70 пайызы газ менен камсыз болот. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Болот Абилдаев Кант шаарында жергиликтүү "Чуйгаз" административдик имаратынын ачылышында билдирди.

Компаниянын жетекчисинин айтымында, бул максатта алгачкы үч жылга эле 45 млрд сом салынган.

"Өлкөнү газдаштырууну ишке ашыруунун алкагында баардык жумуштарга 100 млрд рублдей жумшалат деп болжолдонууда. Газдаштыруу иштери азыр башталды. Учурда Бишкектин айланасындагы 27 жаңы конушка жана Чүй областынын калктуу пунуттарына газ киргизүү иштери жүрүп жатат",-деп маалымдады Абилдаев.

Ал Чүй областына газ керектөөнүн 30 пайызы туура келерин кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : www.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...