Акыркы макалалар

Ниццадагы теракт 70тен ашуун адамдын өмүрүн кыйды

Ниццадагы теракт 70тен ашуун адамдын өмүрүн кыйды

Тышкы иштер министрлиги Франциянын Ницца калаасында 14-июлдун кечиндеги кол салуудан каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар бар-жогун териштирип жатат.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бейшембинин кечиндеги калабада жетимиштен ашуун адам набыт болду. Маалыматтарга караганда, “Бастилия алынган күнү” белгиленип жаткан учурда жүк машиненин айдоочусу унааны топтолуп турган адамдарды көздөй айдап, кишилерди сүзүп, тебелеп кеткен. Курман болгондордон тышкары көп адамдар жарадар болушкан.

Кол салуу фейерверк атылып жаткан кезде болгон. Маалымдоо каражаттарынын кабарлашынча, айдоочу топтолгон адамдарды тебелеткен соң туш келди ок аткан.

Шаар мэри Кристиан Эстроси тургундарга үйдөн сыртка чыкпоону сунуштады.

Автоунаанын ээси тартип сакчылары аткан октон өлдү. Полиция унаада куралдар болгонун аныктады.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...