Акыркы макалалар

Жалал-Абадда жакырчылык деңгээли кырк пайызды түзөт

Жалал-Абад облусунда 2013-жылдын 4 айына карата жакырчылык деңгээли 39,5 пайыз болуп, 406 миң 185 адамды, же болбосо 87 миң 66 кожолукту түздү.

КРнын өкмөтүнүн облустагы өкүлчүлүгүнүн экономика, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш секторунун башкы адиси Барчынбек Жантөрөев берген маалыматына караганда үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айында областтык эмгек, миграция жана жаштар, башкармалыгынын бөлүмдөрүнө - 6670 адам кайрылган. Анын ичинен: иш издеп кайрылгандардын саны - 3091 адам же, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 718 адамга аз, консультация алганы - 3579 адам же, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 151 адамга көп болгон. “2013-жылдын 4 айы ичинде жумушсуздук боюнча расмий катталгандардын саны -12 миң 353 адам же, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 103,6 пайызды түзүп, 446 адамга көп катталган. Мунун ичинен: жумушсуз аялдар - 6856, же 55,5 пайыз, жаштар 5088 болсо, - 41,1 пайыз, айылдык жарандар - 8601, же 69,6 пайызды түзөт”,-дейт Б.Жантөрөев.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД

31.05.2013, №21

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...