Акыркы макалалар

Жалал-Абадда Патрулдук милиция өз ишин баштады

Жалал-Абадда Патрулдук милиция өз ишин баштады

Бүгүн Жалал-Абадда жол кайгуул коопсуздугу кызматы, кайгуул күзөт кызматы менен биригип жаңы КР ИИМнин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы болуп түзүлүп ага КР ички иштер министри Кашкар Жунушалиев катышты. Министр сөз сүйлөп жатып жаңы патрулдук милициянын ишине ийгилик каалоо менен жарандарга сылык мамиледе болуусуна чыкырды

Жалал-Абад облустук ИИМ боюнча Патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы Кылычбек Рысбаевдин маалыматында.

-Патрулдук күзөт кызматынан 108 кызматкер жана Жол кайгуул кызматынан 65 кызматкер биригип июль айында өз ишин баштады. Учурда 173 патрулдук милиция кызматкерлери Жалал-Абад облусун 30га жакын кызматтык унаа менен камсыздайт- деп кошумчалады К.Рысбаев

Министрдин Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында милиция кызматкерлери үчүн 100 батирлүү көп кабаттуу үй салуусуна жер тилкеси бөлүнүп анын долбоору менен таанышты.

Жалал-Абад ОИИБ башчысынын орун басары Ибрагим Шатманалиевдин айтымында

-Милицияда эмгектенген кызматкерлер үчүн Жалал-Абад шаарында атайын 60 жана 40 батирлүү көп кабаттуу үй салынат. Долбоордун биринчи этабы бүттү, республикалык бюджеттен 159миллион сом акча каражаты бөлүнүп жакынкы аралыкта иш башталуусу күтүлүүдө-деди И.Шатманалиев

Эскерте кетсек Патрулдук күзөт кызматынын имараты Жалал-Абад облустук Сотунун жанында ачылды. Имараттын калган бөлүгүнө Жалал-Абад ОИИБнын борбордук аппараты көчүп келет. Капиталдык оңдоп-түзөө иштери үчүн ИИМ акча бөлүп, ушул жылдын ноябрь айларынын башына толук бүтүп иштей баштайт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...