Акыркы макалалар

Жарылуудан жабыркагандардын үчүнчүсү каза болду

Жарылуудан жабыркагандардын үчүнчүсү каза болду

Газ ташуучу автоунаанын жарылышынан оор жаракат алган үчүнчү жабырлануучу кечээ түнү каза тапты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, кечээ, 8-июнь түнү газ ташуучу автоунаанын жарылышынан оор жаракат алган үчүнчү жабырлануучу каза тапты. Каза болгон Б. Абдрахманов Бишкек шаарынын тургуну 46 жашта болчу. Жарылуудан анын денесинин жүз пайызы күйүп калган.

“Азыркы учурда өрттөн жабыркаган 3 адам реанимацияда. Алардын денесинин 75,80,90 пайызы күйүп калган. Бул үч жарандын абалы оор. Алар бардык керектүү дары-дармектер менен камсыз болгон. Азырынча алдын ала жыйынтык чыгаруу кыйын”,-деди А.Кубатбеков.

Эскерте кетсек, 6-июн күнү кечинде Бишкектеги Фучик көчөсүндө газ ташуучу автоунаа жарылып, андан жалпысынан 11 киши жабыркап, алтоо оор абалда ооруканага жеткирилген. Буга чейин өрттөн жабыркагандардын экөөсү каза болгон.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...