Акыркы макалалар

Кыргызстандык Талант Дүйшөбаевдин гандболчулары Чемпиондор лигасын жеңди

Кыргызстандык Талант Дүйшөбаевдин гандболчулары Чемпиондор лигасын жеңди

Кыргызстанда төрөлгөн Талант Дүйшөбаев машыктырган Польшанын гандбол боюнча "Виве Кельце" клубу тарыхта биринчи жолу Чемпиондор лигасын утуп алды. Бул тууралуу Польшанын Гандбол федерациясынын расмий сайтына жарыяланды.

Биринчиликтин финалдык бөлүгүндө "Виве Кельце" турнирдин былтыркы финалчы, Венгриянын "Веспрем" клубу менен беттешкен. Оюндун бүтөрүнө 15 мүнөт калганда "Виве Кельце" тогуз упай менен артта келе жаткан, бирок команда күчүн жыйнап эсепти теңегенге жетишкен. Кошумча убакыт да жеңүүчүнү аныктай алган эмес. Турнир пенальти сериясында "Виве Кельце" клубунун 4:3 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.

Дүйшөбаев Польшанын клубун машыктыргандан кийин команда сегиз жылдык тыныгуудан соң Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алды.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...