Акыркы макалалар

Бишкекте “Тил жана котормо” журналынын бет ачары өтөт

Бишкекте “Тил жана котормо” журналынын бет ачары өтөт

2-июнда А.Осмонов атындагы улуттук китепкананын Кытай билим берүү жана маданият борборунда “Тил жана котормо” журналынын атайын чыгарылышынын бет ачары болот. Бул тууралуу китепкананын басма сөз кызматы билдирди.

“Тил жана котормо” журналы Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда 1985-жылдан бери бир нече тилде чыгарылып келет. Кыргыз тилиндеги атайын чыгарылыш Кыргызстанда кабыл алынып, КРнын улуттук китепканасы менен кызматташтыкта чыгарылды, анын максаты – Кыргызстан менен Кытайда жашаган кыргыздардын тилдик байланышын колдоо, андан тышкары кыргыз тилин сактоо жана үйрөнүүдө изилдөө иштерин өнүктүрүү болуп саналат.

Аталган санда Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун тили жана жазуусу боюнча комитеттин ишмердүүлүгүнүн 60 жылдыгына арналган статьялар, “Манас” ысымына философиялык анализ, тилдик илимий изилдөөлөр жана башкалар көрсөтүлгөн.

“Тил жана котормо” журналы кириллицада жылына 2 ирет чыгып, Улуттук китепкана аркылуу таратылат.

Иш-чарага ЖКнын депутаттары, КР Өкмөтүнүн аппаратынын, министрлик жана ведомстволордун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, илим жана маданият ишмерлери, ЖОЖдордун окутуучу-профессорлор курамы, студенттер, ЖМК жана китепкананын окурмандары катышат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...