Акыркы макалалар

Кыргызстанда 5 жыл аралыгында 50 миңден ашуун дыйканга жеңилдетилген насыялар берилди

Кыргызстанда 5 жыл аралыгында 50 миңден ашуун дыйканга жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев 25-майда IV Улуттук агрардык-инвестициялык форумдун жүрүшүндө билдирди. Маалыматты КР Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү таратты.

«2011-2015-жылдары республика боюнча 50 миңге жакын фермерлер жалпы суммасы 13,5 млрд сом эсептелген жеңилдетилген кредиттерди алышкан. Мындан тышкары 1637 даана айыл чарба техникасы лизингге берилген», - деди М. Абулгазиев.

Белгилей кетсек, форум «Айыл-Агро-2016» Эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган. Форумдун ишине мамлекеттик орган өкүлдөрү жана республиканын аймагынан келген фермерлер жана дыйкандар катышууда.

Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата Өкмөттүн ишиндеги негизги маселе – фермерлерге жеңилдетилген насыя берүү жана лизинг алуу үчүн шарттарды түзүү.

Ошондой эле келечектүү багыттардын катарында күнөсканаларды, мал союучу жайларды куруу, логистикалык борборлорду ачуу, тамчылатып сугаруу ыкмасын киргизүү жана мал-чарба продукциясынын сапатын жогорулатууну атады.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...