Акыркы макалалар

Айтмамат Кадырбаев Ошко кайрадан мэр болуп шайланды

Айтмамат Кадырбаев Ошко кайрадан мэр болуп шайланды

25-майда Ош шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү. Шаар башчысын шайлоого жалпы 45 депутат катышып, алардан 41 депутат мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевге добуш беришти. Ал эми экинчи талапкер А.Мойдуновго 4 добуш берилген. Ошентип шайлоонун жыйынтыгы боюнча, А. Кадырбаев экинчи жолу Ош шаарына мэр болуп шайланды.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү билдирген боюнча шайлоо тынч өттү жана арыз-даттануулар болгон жок. Ал эми мэр шайлоонун жыйынтыгын жакынкы күндөрдө Борбордук шайлоо комиссиясы карай турганы белгилүү болду.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...