Акыркы макалалар

Нарында сууга болгон тариф дагы 20%га көтөрүлөт

Нарында сууга болгон тариф дагы 20%га көтөрүлөт. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев шаршемби күнү парламенттин жыйынында билдирди.

Депутаттар Кыргызстандын өкмөтү, Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, ошондой эле Швейцария Конфедерациясынын ортосундагы макулдашуунун шарттарын талкуулап жатышат.

Макулдашууга ылайык, донорлор Нарын шаарынын суу менен камсыздоо системасын жана канализациясын калыбына келтирүүгө 6,2 млн евро бөлүшөт, анын 2 млн евросу – ЕРӨБ насыялык каражаттары, 3,2 млн евро – Швейцария өкмөтүнүн гранты, 1 млн евро – долбоорду ишке ашырууга техникалык колдоо көрсөтүү үчүн берилген грант. Насыя 15 жылга берилет.

«Биз тарифти 30%га көтөрдүк, эми дагы 20%га көтөрөбүз. Учурда тариф 19,10 сом, эми болжол менен 3 сомго кымбаттайт. Абоненттик база 8,5 миң адамды түзөт, долбоор ишке ашырылган соң ал 15%га өсөт», - деди Р. Адиев.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...