Акыркы макалалар

Маани берилбеген маалымат саясаты же депутаттар эмне дейт?

Маани берилбеген маалымат саясаты же депутаттар эмне дейт?

Депутаттар Жылдыз Мусабекова менен Жанар Акаев: “мамлекет – социалдык мааниге ээ маселелер боюнча чечим кабыл алгандан кийин, аны милдеттүү түрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектиги тууралуу” ой айтышууда. Атургай «Маалыматка жетүүнүн кепилдиги жана эркиндиги, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жана ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү» мыйзамдарга өзгөртүү-толуктоолор киргизилээри күтүлүп жатыптыр.

Депутат Жанар Акаев КТРКдан минтип айтты: «Өткөндөгү “Оң рулдуу машиналар” жана “Турак-жайларды камсыздандыруу” мыйзамдары элди нааразы кылып көчөгө чыкканга чейин алып барды. Мунун башкы себеби түшүндүрүү иштеринин жоктугунан”,- деди ал. Түпкүлүгү эки депутат туура маселе көтөрүп атышат. “Жаңы Агым” гезитинин (29/04/16) санындагы “Турак жайды камсыздандыруу маселеси качан калыптанат” аталган макаламда дал ушул маселени козгоп, элге түшүндүрүү жагы өксүк болуп калганын айткан элем. Эми мамлекеттик маанилүү мыйзамдарды элге түшүндүрүү, жеткирүү жагына келсек, эң биринчи мамлекеттик маалымат каражаттарына артыкчылык берилиши, алардын тиражынын же болбосо теле-радиодогу бөлүнгөн убакыттын жетиштүү болушу кажет эмеспи.

Бизде ошондойбу? Таптакыр андай эмес! Башкасын айтпайын мамлекеттин саясатын элге жеткире турган мамлекеттик делген гезиттердин тиражы абдан аз. Мисалы, ЖКнын мыйзамдарын, Өкмөттүн токтомдорун, чечимдерин элге жеткирип турат деген “Эркин Тоо” гезитинин тиражы болгону 6 миң. Мен билгенден кыргыздын төл гезити “Кыргыз Туусунун” деле тиражы ушул тегеректе. Анан ушунча сандагы гезит менен мамлекеттин кайсы бир саясатын, маанилүү чечимин элге жеткирүүгө мүмкүнбү? Ж.Акаев кабыл алына элек мыйзамына маашырланып минтип айтып жатпайбы: “Мурда журналисттер мамлекеттик жетекчилерге кайрылып маалымат берип коюңуз деп чуркап жүргөн болсо, бул мыйзам кабыл алынгандан кийин өкмөт, мамлекеттик органдардын жетекчилери өздөрү журналисттердин артынан чуркашы керек”,-деп.Чуркабайт экен да! Эмне үчүн дегенде ал үчүн каражат талап кылынат.

Себеп дегенде азыр ЖМКлардын көпчүлүгү менчик. Алардын артында өз саясаты, максаты бар кожоюндары турат. Алар бекер жарыялап бербейт. Бекер жарыяла деп дагы эч ким айталбайт. Ал эми мамлекеттин колунда эки теле канал (Пирамида, 5-канал), республикалык үч гезит (“Кыргыз Туусу”, Эркин Тоо”, “Слова Кыргызстана”), мындан тышкары 12 облустук гезит, райондук гезиттер, 7 облустук теле-радио компаниясы бар. Буларды каржылоого жылына бюджеттен 50 млн сом бөлүнөт. Чындап келгенде мынча сандагы маалымат каражаттары оңой күч эмес. Аны мамлекет канчалык деңгээлде пайдаланып жатат кеп ошондо. Муну менен эмне айткым келип жатат?! Мамлекеттин саясатын элге жеткирүүдө, ошол эле мамлекеттик маалымат каражаттарына маани берилбей жатканын дагы бир жолу эске салып жатам. Бул маселе башка өлкөлөрдө кандай? Буга жоопту КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова өзү бериптир.

Беларусиядагы медиа-форумга катышкан Айнура айым “Фейсбуктагы” баракчасына минтип жазыптыр: (түп нускасында эле берели) “Белорусские главные редактора региональных печатных изданий рассказали как выживают в современных реалиях-делают интернет версии, периодически делают опросы своих читателей узнают какие темы их интересуют, стараются больше готовить эксклюзивные аналитические материалы, ну конечно местные новости, реклама, обьявления. Тиражи разные от 20 до 100 тыс. экз. Все они люди неравнодушные и с большим опытом в этом они похожи на наших редакторов областных и районных газет”...Абдан жакшы экен. Бирок алардын аймактык гезити эле 20-100 миң деп жатпайбы?! А биздин республикалык гезиттерибиздики 6 миңден ашпай жатса, кайсы саясатты жеткиребиз?! Албетте гезиттин тиражы өзү эле өсө койбойт. Ал үчүн мамлекет өзү кызыкдар болушу керек! Айтмакчы, жылдын башында 1-июнга чейин “КР Мамлекеттик маалымат саясатынын концепциясын” иштеп чыгуу боюнча атайын топ да түзүлгөндөй болгон. Ага аттуу-баштуу журналисттер, атайын адистер тартылып, бир чогулуп күпүлдөп алышкан. Анда улуттук маалымат айдыңынын кеңейтүү, азыркы шарттарда маалыматтарды жайылтуу жана маалымат коопсуздугун сактоо талаптары камтылат делген болчу.

Ошол боюнча бул концепсия эмне болуп жатканы тууралуу коомчулукка жарытылуу маалыматтар айтыла элек. Буга кайрылып жатканымдын себеби депутаттар Ж.Мусабекова, Ж.Акаев мамлекеттин маалымат саясатына кантип аралашып кеткенин, анын маанилүүлүгүн өздөрү билип-билбей көтөрүп жатышканын аңдабай деле калышты окшойт.

Анткени Президенттин, Жогорку Кеңештин, КР Өкмөтүнүн токтому, чечими болобу элге жеткирүү, туура түшүндүрүү – бул маалымат саясаты эмей эмине?! Мындан келди Кыргызстанда маалымат саясатын жүргүзүү эң биринчи мамлекеттик ЖМКларга жүктөлүшү керек деген ойду айтып жатканым. Себеби мамлекет аздыр-көптүр аларды бюджеттин эсебинен багып атат. Тескерисинче, аларды каржылоону көбөйтүү, жогоруда айтканымдай тиражын өстүрүүгө кам көрүү да маалымат саясатына кирет...А бизде маалымат саясаты барбы жокпу айтыш кыйын...

Журналист Темирбек АЛЫМБЕКОВ

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...