Акыркы макалалар

Кытайдын өнөр жай ишканаларын Кыргызстанга которуу жөнүндө сунуш КЭРге жөнөтүлдү

Кытайдын өнөр жай ишканаларын Кыргызстанга которуу жөнүндө сунуш КЭРге жөнөтүлдү

Кытайдын өнөр жай ишканаларын Кыргызстанга которуу жөнүндө сунуш КЭРге жөнөтүлдү. Бул тууралуу КР экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков жума күнү «Кыргызстан» фракциясынын көчмө жыйынында билдирди.

Фракциянын депутаттары «Кайыңды чубалгы заводу» ААК абалы менен таанышып чыгышты.

«Экономика министрлиги жана өкмөт тарабынан өлкөнүн өнөр жай тармагына инвестицияларды тартуу боюнча активдүү иш жасалып жатат. Дипломатиялык каналдар аркылуу, Кытайдын өнөр жай ишканаларын Кыргызстанга которуу жөнүндө сунуш КЭРге жөнөтүлдү. Биздин иштебей турган ишканалар ашыкча өндүрүшкө дуушар болгон ишканаларды кабал ала алмак», - деди А. Сазбаков.

Анын айтымында, жыл башынан бери 49 өнөр жай ишканалары ишин калыбына келтиришкен. Учурда экономика министрлиги тарабынан ушул жылы ишин калабына келтире турган ишканалардын алдын ала тизмеси түзүлгөн. 75 ишкананын ишин калыбына келтирүү пландалууда.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын январь-март айында өнөр жайдын көлөмү 39,5 млрд сомду түзгөн.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...