Акыркы макалалар

1-2-август күндөрү ОшМУда “Мекендештер” форуму өтөт

1-2-август күндөрү ОшМУда “Мекендештер” форуму өтөт

Бүгүн, 10-майда Ош мамлекеттик университетинде «Мекендештер» форумуна даярдык көрүүгө багытталган жыйын болуп өттү. Ага “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү, экс-президент Роза Отунбаева, “Замандаш” Ассоциациясынан, министрликтерден, жергиликтүү бийликтерден өкүлдөр, ОшМУнун ректору К.Исаков, окуу жайдан “Мекендештер” форумун өткөрүүгө тиешелүү комитеттин мүчөлөрү катышышты. Алгач коноктор сүрөт, дизайнер-стилисттер көргөзмөлөрүнө күбө болушту. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө 1-2-август күндөрү Ош мамлекеттик университетинин базасында өтүүчү “Мекендештер” форумуна алдын-ала даярдыктар жөнүндө сөз болду.

Мындай үлкөн иш чара ректордун демилгеси менен ОшМУнун базасында өткөрүлөрүн айткан Роза Отунбаева аталган форумга дүйнөнүн булуң-бурчунда эмгектенип, туулуп өскөн мекенине, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарында инвестицияларды тарткан, ар биринин өзүнүн уникалдуу дүйнөсү бар мекендештерибиз келээрин жана бул пикир алышуучу ири плошадка болуп, долбоорлор менен иштешүүгө, баарлашууга жол ачарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, форумдун негизги максаты-дүйнө жүзүндөгү кыргызстандыктарды бириктирүү жана байланыш түзүү, Кыргызстандын өсүү, өнүгүү процесстерине мекендештер кошкон же кошо турган маанилүү салымды издөө жана аларды эл арасына үлгү катары жайылтуу болуп саналат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...