Акыркы макалалар

ЖРТ 17-майда башталып, эки этапта өтөт

ЖРТ 17-майда башталып, эки этапта өтөт

Жалпы республикалык тестирлөө эки этапта өтөт жана ал 17-майда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева катышкан маалымат жыйынында белгилүү болду.

Анын маалыматы боюнча, ЖРТнын биринчи этабы 17-18-май күндөрү болсо, экинчи этабы 20-21-май күндөрү болот. Ошондой эле белгиленген күндөрү тестке катыша албай калган абитуриенттер үчүн 23-24-июнда тестирлөө болот.

«ЖРТ - бул ЖОЖго тапшыруу алдындагы мыкты бүтүрүүчүлөрдү аныктай турган ыкма. ЖОЖго тапшыруудагы босого баллы мурдагы жылдагыдай эле 110 болот», - дейт Э. Сариева.

Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, бул жылы ЖРТга катышууга 48 миң 211 абитуриент катталган. Алардын 31 миң 102 абитуриенти кыргызча тестирлөөнү тандап алган. Ал эми каттоо 15-февралдан 7-апрелге чейин жүргөн.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...