Акыркы макалалар

"Левитандай сүйлөйбүз" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

"Левитандай сүйлөйбүз" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Калыстар тобу сынактын кыска тизмесине кирген катышуучулардын баарын макташты. Ал эми конкурстун жеңүүчүсү Евгений Стрельцов Москва шаарынан болот.

Совинформбюронун 75 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулган "Левитандай сүйлөйбүз" эл аралык радиосынагынын уюштуруу комитети конкурстун лауреаттарын аныктады.

Жеңүүчү болуп москвалык Евгений Стрельцов аталды. Экинчи орунду арзамастык Евгений Прохоров ээлесе, үчүнчү орунга сочилик Алексей Петров татыды.

Муну менен катар сынактын эксперттик тобу орус жана казак тилдеринде сүйлөгөн астаналык катышуучу Бухарбаев Мухамедали Болатулынын эмгегин баалашты.

Кыргызстандын атынан аталган сынакка Урмат Борченов катышып, кыска тизмеге кирген.

"Левитандай сүйлөйбүз" радиосынагы өз кесиптик жолун жаңы баштаган радиожурналисттерге колдоо көрсөтүп, улуу муундун каада-салты жаштарга калышын камсыздоо менен аталган тармакта кесипкөй кадрлардын калыптанышына көмөк көрсөтүү максатын көздөгөн. Ага Россия, КМШ жана Балтика аймагында уктурулган радиоканалдардын алып баруучулары, журналисттери чакырылган. Конкурстун жеңүүчүсүнө диплом, эстелик статуэткасы жана 50 миң рубль акчалай сыйлык берилет. Конкурстун башка сыйлык ээлерине да диплом жана акчалай сыйлык ыйгарылат. Сынактын байге фонду экинчи жана үчүнчү орунду ээлегендер үчүн 30 жана 20 миң рубду түзөт.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...