Акыркы макалалар

Журналисттер Басма сөз эркиндигин көчөт отургузуу менен белгилешти

Журналисттер Басма сөз эркиндигин көчөт отургузуу менен белгилешти

Бүгүн, 3-май Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүндө “Журналисттер” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган “Журналисттер аллеясында” көчөттөр отургузулду.

Ага “Журналисттер” союзунун мүчөлөрү жана ММКлардын өкүлдөрү катышты. Жыл сайын чогулуп ар-кандай иш чараларды өткөрүүнү салтка айланткан уюштуруучулардын бири Марат Токоев «бул журналисттик тилектештикти арттырууга салымын кошот» деген үмүттө:

- “Журналисттердин аллеясы“ 2010-жылы түзүлгөн, бул жер журналисттер бейрасмий жолугуп пикир алышуу үчүн ачылган. Өткөрүлүп жаткан иш чара биринчиден жаратылышты көрктөндүрүүгө болгон салым болсо, экинчиси журналисттердин карым-катышын жакшыртат»,-дейт Токоев.

БУУнун Башкы ассамблеясы 3-майды Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнү катары 1993-жылы жарыялаган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...