Акыркы макалалар

Айфондун соодасы солгундады

Айфондун соодасы солгундады

Apple компаниясы 26-апрелде маалымдагандай, Айфон (iPhone) үлгүсүндөгү смартфондордун соодасы солгундады. Былтыр жылдын биринчи чейрегинде компания 51 миллион смартфон саткан болсо, быйыл андан 10 миллионго азайган.

Адистер буга Кытайдын суроо-талабы азайганын негиз кылып жатышат. Буга чейин Apple компаниясы чыгарган каражаттарына Кытайда талап күчтүү болчу.

Айфон смартфону 2007-жылы иштелип чыккандан бери өндүрүштөгү эң ийгиликтүү аппараттардын көч башында турат.

Компаниянын мүлк-дүнүйөсү былтыр 290 миллиард долларга бааланган жана 54 миллиард доллар киреше алган. Анда бардыгы 115 миң адам эмгектенет.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...