Акыркы макалалар

Оор атлетика боюнча Азия чемпионатында Изат Артыков баш байгени жеңип алды

Оор атлетика боюнча Азия чемпионатында Изат Артыков баш байгени жеңип алды

Изат Артыков оор атлетика боюнча Азия чемпионатында 1-орунду ээледи. Бул тууралуу эл аралык оор атлетика федерациясы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан оор атлетика боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандык оор атлетчи 26-апрелде 69 килограмм салмак категориясында баш байгени жеңип алды. Чемпионаттын жүрүшүндө 69 салмак категориясында күч сынашкан 27 спортчунун арасында И.Артыков Кыргызстандын намысын коргоду. Ал силкип көтөрүү ыкмасында 150 килограммды, ал эми түртүп көтөрүүдө 188 килограммды багындырууга жетишкен. Жалпы 338 килограммды көтөрүп, өз атаандаштарын артка калтырды.

Ал эми дагы бир Кыргызстандык спортчу Сыргак Абдраманов жалпы 277 килограмм салмакты көтөрүп 27 спортчунун ичинен 17-оорунду камсыздады.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...