Акыркы макалалар

Кыялбек Урмамбетовдун чыгармачылыгына арналган кече өтөт

Кыялбек Урмамбетовдун чыгармачылыгына арналган кече өтөт

Үстүбүздөгү Тарых жана маданият жылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КРнын Жазуучулар Союзу жана Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын жана жазуучулардын жана жаштардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулайт. Бул тууралуу аталган фонддон билдирди.

Мындай кеченин кезектегиси Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек синирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты, Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын ээси белгилуу акын Кыялбек Урмамбетовдун чыгармачылыгына арналат. Иш-чара 2016-жылдын 28 апрелинде Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи залында өтөт.

Кыялбек Урмамбетовдун чыгармачылыгы 10 жашында башталган. 3-класстын окуучусунун эң алгачкы ыры «Мышыгым» деген ат менен республикалык «Кыргызстан пионери» гезитине 1969-жылы жарыяланган . Анын “Балапан” ( Балдар үчүн ырлар жыйнагы, 1981), “Көл-эне” (Ырлар жыйнагы, 1988), “Айдагы кыз” (Ырлар жыйнагы,1989),”Суйуузар” (обондуу ырлар 2010), “Чыгыш жылдыздары” (котормолор. 2010), “Тактеке” (драмалар, 2012), “Макалдат” (балдар учун ырлар. 2013) китептери жарык коргон.

Ал кыргыз өнөр дүйнөсүндө эң биринчи мюзиклди – «Махабат жылдызын» жараткан. Жүздөн ашык обондуу ырлардын автору.

1988-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.

Эн башкысы, ал белгилуу акын Совет Урмамбетовдун уулу. Ата жолун аркалаган акын.

Поэзия кечесинде К.Урмамбетовдун ырлары жана алардын тарыхы, чыгармачыл баяны өзүнүн жана жаш шакирттеринин айтуусунда аткарылат. Ошондой эле Акынга арналган замандаш калемдештеринин ырлары, акындын сөзүнө жазылган обондуу ырлар жаңырмакчы.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...