Акыркы макалалар

Оор атлетика боюнча Азия чемпионатында Жаныл Окоева 10-орунду ээледи

Жаныл Окоева оор атлетика боюнча Азия чемпионатында 10-орунду ээледи. Бул тууралуу эл аралык оор атлетика федерациясы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан оор атлетика боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандык оор атлетчи 10-оорунга татыды. Чемпионаттын жүрүшүндө 48 кг салмак категориясында күч сынашкан 17 спортчунун арасында Ж.Окоева Кыргызстандын намысын коргоду. Ал силкип көтөрүү ыкмасында 75 килограммды багындырып, ал эми түртүп көтөрүүдө 102 килограммды багындырууга жетишкен. Жалпы 177 килограммды көтөргөн. Бул салмак жеңичүү көтөргөн салмактан 21 килогрммга аз.

Эске сала кетсек, бул чемпионаттын жеңүүлөрү Олимпиада оюндарына жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...